АВГУСТ 2024






Ош шаарындагы БИРИНЧИ ЖАШТАР КРЕАТИВДҮҮ ХАБЫНЫН
Курулуш этаптары

3
2024-2025: Курулуштун акыркы этабы

2024-жылы Жаштар Креативдүү Хабынын курулушу аяктоого жакын калды. Учурда активдүү ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат: электр линиялары, сантехника, жылытуу системасы, терезелер орнотулду. Бояо жана акыркы бөлмөлөрдү бүтүрүү иштери жүрүп жатат. Азыркы тапта долбоор 80% аяктады, жана биз Хабдын эшигин жаштар үчүн ачууга жакындап калдык.
Толук даярдыкка аз эле калды!
Хабды 2025-жылдын жай айларына карата ачып, Ош шаарынын жаштарынын өнүгүүсүндө жаңы баракты ачуу үчүн сиздин колдооңуз абдан керек!
2
2022-2023: Активдүү краудфандинг жана фандрайзинг кампаниясы
2022-2023-жылдары "Youth of Osh" коомдук бирикмесинин бүткүл командасы Жаштар Креативдүү Хабынын курулушун колдоо үчүн краудфандинг жана фандрайзинг кампанияларын активдүү ишке ашырды. Кайдыгер эмес жарандардын жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен каражаттар топтолгон сайын, курулуш иштери токтобостон улантылып жатты.
Ар бир салым бизге алдыга жылууга шарт түзүп, имараттын формасы акырындап калыптанып, жаштардын өнүгүү борбору боло турган аянтчага айланып баратты.
1
2020-2021: Жер тилке сатып алуу жана даярдык иштерин баштоо
2020-2021-жылдары Жаштар Креативдүү Хабынын курулушу үчүн жер тилкеси сатып алынган. Бул жылдар кыялды ишке ашырууга карай алгачкы кадамдар менен белгиленди: даярдык иштери башталып, келечекте чыгармачыл жана амбициялуу жаштар үчүн үй боло турган мейкиндиктин пландалышы жүрдү.

2021-жылдын 10-ноябрында маанилүү иш-чара — Жаштар Креативдүү Хабынын пайдубалына жана убакыт капсуласын салуу аземи болуп өттү. Бул капсула учурдагы жаштардын үмүттөрү жана кыялдары менен 2050-жылдагы жаштарга кайрылууну символдоштурат. Бул окуя муундар арасындагы мурастын жана биргелешип жаркын келечекке умтулуу символуна айланды


Чоң рахмат!
Made on
Tilda