Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Ош шаарынын жаштары краудфандинг (ашар ыкмасы) аркылуу Жаштар Креативдүү Хабынын курулушун баштады. Бул уникалдуу жай бүт өлкөнүн жаштары үчүн чыгармачылык жана кесиптик өнүгүүнүн борбору болуп калмакчы.
Кененирээк
Создадим Молодежный креативный хаб вместе!!!
Youth of Osh жаштар уюму жөнүндө видеобаяндама
Максатыбызга кантип баратабыз?
Жаштар Креативдүү Хабынын идеясы - жаштарга өнүгүүгө жана өз идеяларын ишке ашырууга ылайыктуу мейкиндик түзүп берүү оюнан келип чыккан.
Кайдыгер эмес жарандардын колдоосунун аркасында биз Хаб куруу идеясын ишке ашыра алдык. Бул долбоор коомчулуктун биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгы болуп, ар бир кошкон салым, чоңбу же кичинеби, бизди максатыбызга бир кадам жакындатты.
Биз курулушту баштаганда Ош шаарынын жаштары өнүгүүгө жана өзүн-өзү ишке ашырууга ылайыктуу мейкиндикке татыктуу экенине бекем ишенгенбиз. Алгач имараттын каркасы тургузулуп, андан соң чатыры орнотулду. Азыркы учурда биз ички иштерди улантып, өлкөбүздүн жаштары үчүн чыгармачылык, окуу жана кызматташтык борбору болуучу заманбап жана ыңгайлуу мейкиндикти түзүп жатабыз.
2019
Идеянын жаралышы
2020
Жер тилке сатып алуу
2021
Курулуштун башталышы
2022
Имараттын каркасынын тургузулушу
2023
Болочок Хабтын чатыры жабылды
2024
Ремонт иштери жүрүп жатат
Дагы аз калды...
Учурда биз финалдык стадияда турабыз, жана долбоорду толук аяктоо үчүн аз эле калды! Бул этапта сиздин колдооңуз бизге Ош шаарындагы Жаштар Креативдүү Хабынын эшигин ачууга жана жаштарга чыгармачылык жана өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн керектүү бардык ресурстарды камсыздоого жардам берет. 2024-жылдын сентябрь айындагы статистика:
Керектүү сумма
24 000 000 сом
Жаштар Креативдүү Хабынын курулушун жана жабдууларын толук аяктоо үчүн керектелген сумма
Чогултулду
15 000 000 сом
Сиздердин жана бардык кайдыгер эмес жарандарыбыздын колдоосу менен 15 000 000 сом чогултулду, бул бизге долбоорду ишке ашырууда чоң кадам жасоого мүмкүндүк берди.
Дагы керектелет
9 000 000 сом
Бирок, бардык иштерди аяктап, Хабды толук жабдуу үчүн калган каражаттарды чогултуу зарыл. Сиздин колдооңуз бизге максатыбызга жетүүгө жана Жаштар Креативдүү Хабынын эшигин ачууга жардам берет!
Бизге сиздин колдооңуз керек!
Учурда биз финалдык стадияда турабыз, жана долбоорду толук аяктоо үчүн аз эле калды! Бул этапта сиздин колдооңуз бизге Ош шаарындагы Жаштар Креативдүү Хабынын эшигин ачууга жана жаштарга чыгармачылык менен өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн керектүү бардык ресурстарды камсыздоого жардам берет.
Нас поддерживают просто граждане, бизнес компании, некоторые международные организации, получили небольшие средства от фонда Жогорку Кенеша и местного бюджета Оша, также от выпускников наших проектов и друзей организации. Благодаря Хабу организация научилась оказывать платные услуги и зарабатывать.
Возможности и каналы для подачи жалобы в том числе и в случаях сексуальной эксплуатации и надругательства со стороны сотрудников и персонала Общественного Объединения “Youth of Osh”.